Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:22

Орусияда эки жашар кыргызстандык наристенин өлүмү иликтенип жатат


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусияда кыргызстандык мигранттардын эки жашар наристесинин өлүмү иликтенүүдө. Окуя быйыл февралда Тюменде болгон. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Тюмендеги кыргыз жамаатынын жетекчиси Канзада Сманова билдирди:

- Атасынын аты Самат, апасы Айзат экен. Саматты бул иш такталып бүткөнчө деп эки айга тергөө абагына жапкан. Баланын омурткасынын үч-төрт жери үзүлүп, башына кан куюлуп кеткен экен.

Канзада Сманова бул иш боюнча соттук териштирүүгө котормочу жана күбө катары катышууда.

Алгач окуя болгондо үй-бүлө мүчөлөрү бала керебеттен кулап түштү деп айтышкан. Бирок ал ур-токмокко кабылган болушу ыктымал экени айтылууда.

Наристе дароо доктурга жеткирилген, бирок үч күндөн кийин чарчап калган. (LzT)

XS
SM
MD
LG