Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Москвадагы сүйлөшүүсүндө эки өлкө башчыларынын алдыдагы жолугушуусу тууралуу сөз болгон жок.
Бул тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 13-апрелде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал бир күн мурда өткөн Путин менен Тиллерсондун жолугушуусу "жетиштүү деңгээлде конструктивдүү" болгонун айтты.
Маалымат катчы кошумчалагандай, Путин Кошмо Штаттар менен Орусиянын ортосундагы байланышты Тиллерсонго кылдат анализдеп берген, эми Кремл анын бардыгы Трампка жеткирилет деген ишеничте.
АКШда былтыр өткөн президенттик шайлоо өнөктүгү маалында Орусия менен тыгыз кызматташуу тууралуу айтылган Трамптын сөздөрү, ал бийликке келээри менен эки ортодогу чыңалуу азаят деген Кремлдин үмүтүн жараткан.
12-апрелде жасаган билдирүүлөрүндө Трамп, Путин жана Тиллерсон эки мамлекет ортосундагы мамилени "абдан чыңалган" жана "ишеним өтө төмөн деңгээлде" деп баалашкан.