Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Лондондо Чеченстандагы кумсалардын куугунтукталышына каршы акция өттү


Чеченстан жумуриятынын президенти Рамзан Кадыров.
Чеченстан жумуриятынын президенти Рамзан Кадыров.

Лондондо жүздөгөн адамдар Орусиянын Британиядагы элчилигинин алдына 12-апрелде нааразылык акциясына чыгышты. Буга Чеченстан жумуриятындагы кумсалардын кыйноого алынып, өлтүрүлүп жатканы тууралуу чыккан маалыматтар түрткү болду.

Орусиянын медиа каражаттары жана адам укугун коргоочу уюмдары Чеченстанда башкача сексуалдык ориентациядагылар "концентрациялык лагерлерде" кармалып жатышканын жазып чыгышкан.

Кабарларга караганда, "лагерде" 100дөй эркек бар, кеминде үч киши ошол жакта көз жумган.

Лондондогу демонстранттар аталган жайды жабууга чакырышты.

Алгач Чеченстандагы кумсалардын куугунтукталышы тууралуу кабар Орусиянын "Новая газета" басылмасында 1-апрелде жарык көргөн. Андан бери бул аймактагы кумсалардын "репрессияга" алынышы тууралуу маалыматты иликтөөгө чакырган он-лайн петицияга 70 миң адам кол койду.

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров бул маалыматты четке кагып, аймакта куугунтуктай тургандай кумсалар жоктугун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG