Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы согушуп жаткан АКШ башында турган коалиция күчтөрү химиялык чабуул боюнча өкмөттүк армиянын айыптоосун четке какты.
13-апрелде Сириянын мамлекеттик телеканалы аркылуу өкмөттүк армия билдирүү жасап, 12-апрелдин кечинде Дейр ал-Зор провинциясындагы коалициянын соккулары жүздөгөн адамдардын, анын ичинде жайкын тургундардын өмүрүн алганын маалымдады.
"Сирия армиясынын бул билдирүүсү жалган", - деген АКШ аба күчтөрүнүн башында турган коалициянын маалымат катчысы Колонел Жон коалиция ал маалда айтылган аймакта аба соккуларды жүргүзбөгөнүн кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 13-апрелде мындай маалыматка ээ эместигин, окуянын чын-төгүнүн билүү үчүн министрлик ал жакка учкучсуз дрондорду жибергенин да кошумчалады.
Буга чейин Сириянын Хан-Шейхун аймагындагы 90 адамдын өмүрүн алган 4-апрелдеги аба соккуларын АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү химиялык чабуул деп мүнөздөп, ага Сирия президенти Башар Асадды жана аны колдогон Орусияны айыптаган. 7-апрелде АКШ кандуу чабуулга жооп катары Сириядагы аба базага ракета аткан.