Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Пентагон: жаңылыш соккудан союздаштардын 18 аскери мерт болду


Сириядагы Күрт демократиялык күчтөрүнүн желдеттери.
Сириядагы Күрт демократиялык күчтөрүнүн желдеттери.

Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы аба соккуларды жүргүзүп келген АКШ башында турган коалиция өлкөнүн түндүгүндө жаңылыш урулган соккулары менен союздаш күчтөрдүн 18 аскерин өлтүрүп алды. Бул тууралуу 13-апрелде Пентагон тараткан билдирүүдө жазылат.

Анда Табка шаарынын түштүгүндөгү "Ислам мамлекети" радикал уюмунун болжолдуу уюктарына сокку ура турган коалиция күчтөрүнө өнөктөштөр тарабынан туура эмес координаттар берилгени маалымдалган.

11-апрелде жаңылыштык менен Сириядагы Күрт демократиялык күчтөрүнө жасалган аба чабуул 18 аскердин өмүрүн алган. Пентагон курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтарын билдирди.

Дал ошол маалда коалициянын колдоосуна ээ болгон күрт күчтөрү Евфрат дарыясынын жээгинде, Ракка шаарынан алыс эмес жайгашкан Табка шаарын курчап турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG