Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Трамп АКШ жана Орусия алакасы тууралуу Твиттерге жазды


АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп узак мөөнөттүү келечекте Орусия менен Кошмо Штаттар ортосундагы алака-катыш жакшы болоруна ишенген оптимисттик маанайы менен Твиттер социалдык тармагында бөлүштү.

Ал 13-апрелде өз баракчасына "АКШ менен Орусия ортосундагы мамиле жакшы болот" деп жазды.

Бул билдирүүдөн 24 саатка жетпеген убакыт мурда Трамп мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун Москвага жасалган сапары "күтүлгөндөн жакшы өткөнүн", бирок АКШ менен Орусия ортосундагы мамиле "эң төмөн деңгээлде" экенин билдирген.

Тиллерсон 12-апрелде Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин жана өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан.

Жолугушуу маалында эки тараптан айтылган билдирүүлөр АКШ менен Орусиянын ортосунда пикир келишпестиктер дагы эле курч экенин айгинелегенин байкоочулар белгилешүүдө. Алар негизинен Москванын Сирия президенти Башар Асадды колдошуна, Украинадагы жаңжалга кийлигишүүсүнө байланыштуу.

XS
SM
MD
LG