Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Орусия-АКШ: сыналган мамиле


Рекс Тиллерсон (солдо) жана Сергей Лавров
Рекс Тиллерсон (солдо) жана Сергей Лавров

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Москвадагы сапары аяктады. Бул визитти утурлай президент Путин орус-америка алакасы начарлаганын айтса, Дональд Трамп Путинди Сирияда карасанатай адамды колдойт деп сындады.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон АКШнын жаңы администрациясынын Москвага келген алгачкы расмий өкүлү болуп калды. Бирок анын бул визитинин алдында орус-америка алакасы жакшырат дегендерди күмөн санаткан окуялар орун алды.

Сириянын Хан-Шейхун аймагындагы 90 адамдын өмүрүн алган 4-апрелдеги аба соккуларын АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү химиялык чабуул деп мүнөздөп, ага Сирия президенти Башар Асадды жана аны колдогон Орусияны айыптоого өттү. АКШнын кандуу чабуулга жооп кылып Сириядагы аба базага ракета атканы Орусиянын кескин сынына кабылды.

Рекс Тиллерсон 12-апрелде орус президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал сапардын акырындагы маалымат жыйынында эки өлкөнүн ортосундагы ишеним аз экенин айтып, алаканы жакшыртууга чакырды:

- Биз АКШ-Орусия алакасынын азыркы абалын ачык талкууладык. Эки тараптын учурдагы мамилеси төмөн деңгээлде экенин айттым. Биздин өлкөлөрдүн арасында ишенимдин деңгээли төмөн. Дүйнөнүн эки маанилүү ядролук державасы мындан мамиледе болбошу керек.

"Чоң жетинин" жана Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери
"Чоң жетинин" жана Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери

Тиллерсон Москвага сапар алаардан мурда, "Чоң жетинин" Италиядагы саммитине катышып, анда Орусия же Асад тарапты, же Асадга каршы турган Батышты тандашы керектигин билдирген. Ал Москвадагы сапарынан кийин да Асаддын үй-бүлөсү Сириядагы болочоктогу тынчтык макулдашууларынын бир бөлүгү боло албастыгын ачык айтты. Бирок АКШнын мындай позициясы Орусияга жакпастыгын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров ишара кылды:

- Биздин алакабызга бөгөт болчу аракеттерди, керек болсо карама-каршылыкты күчөтүүчү аракеттерди көрүп жатабыз. Мындай кадамды алысты көрө албагандык деп эсептейбиз. Тарых ырастагандай, Москва менен Вашингтон кызматташканда бир гана биздин өлкөлөр эмес, бүтүндөй дүйнө да утушка ээ болот.

АКШ мамлекеттик катчысынын Москва сапарын утурлай орус президенти Владимир Путиндин "Мир" телеканалына курган маеги Кремлдин сайтына чыкты. Анда Путин Трамп президенттикке келгенден берки АКШ-Орусия ымаласы начарлап кеткенин айтты. "Жумушчу деңгээлдеги, өзгөчө аскердик деңгээлдеги ишенимдин абалы жакшырган жок, тескерисинче начарлады",-деди Путин.

Владимир Путин жана Дональд Трамп
Владимир Путин жана Дональд Трамп

Орус лидерине удаалаш АКШ президенти Дональд Трамптын америкалык "Фокс-Ньюс" телеканалына курган маеги да жарыяланып, анда Трамп Сирия президенти Башар Асадды колдойт деп Путинди сындады.

- Путин чындап карасанатай адамды колдоп жатат. Менимче, бул Орусия үчүн өтө жаман. Бул адамзат, дүйнө үчүн өтө жаман.

Сирия президенти Башар Асад химиялык курал колдонбогонун айтып, Батыштын дооматтарын четке кагып келет.

12-апрелде Орусия Сириядагы химиялык чабуул деп мүнөздөлгөн аба соккулары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун резолюция долбоорун четке кагып койду. АКШ, Британия жана Франция даярдаган бул резолюция расмий Дамаскты чабуулду иликтөөгө кол кабыш кылууга милдеттендирмек.

10-11-апрелде Италиянын Лукка шаарында саммитке чогулган "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлери да президент Асад жана Орусия боюнча кескин чечимдерди кабыл алуудан карманды. Анда британ тышкы иштер министри Борис Жонсондун Орусиянын жана Сириянын аскердик адамдарына санкция жарылоо демилгеси колдоо тапкан жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG