Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

АКШ Ооганстанда "ИМ" тобу колдонгон туннелдерди бомбалады


АКШ күчтөрү Ооганстандын Нангахар провинциясындагы чабуулунда дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомбаны колдонду. Пентагондун билдирүүсүндө GBU-43 бомбасы «Ислам мамлекети» террордук тобу колдонуп келген Пакистан менен чектеш райондогу туннелдерге ташталды.

Пентагондун басма сөз катчысы Адам Стамп тарыхта бул бомба алгачкы жолу колдонулду деп маалымдады. Бомбанын салмагы 10 тоннадан ашат.

Өткөн жумада Нангархарда "Ислам мамлекет" террордук уюму менен салгылашууда америкалык жоокер набыт болгон.

Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер жай тургундар арасында курмандыктардын алдын алуу үчүн бардык чаралар көрүлгөнүн билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG