Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Бишкекте ЖККУ лидерлеринин бейформал жолугушуусу өтөт


ЖККУнун лидерлери, 2016-жылдын декабрь айы
ЖККУнун лидерлери, 2016-жылдын декабрь айы

Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынан соң Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун президенттеринин бейформал жолугушуусу өтөт.

Бул маселе жыйындын күн тартибине киргизилген.

Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигинин президенттеринин саммитинде экономикалык кызматташтык маселелери талкууланат.

Андан кийин ЖККУнун бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Бишкекке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун келиши күтүлүүдө.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.(SDz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG