Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:45

Жалал-Абад филармониясынын айрым кызматкерлери иш таштады


Жалал-Абадда облустук филармониянын айрым кызматкерлери иш таштады. "Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, мындай кадамга Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын 11 кызматкери барган.

Алар директор Дүйшөн Молдобаевдин иштен кетүүсүн талап кылып, жетекчинин орун басары Эмил Балтагулов негизсиз иштен алынганын айтып жатышат жана Балтагуловду директорлукка дайындоо боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылуу жолдошкон.

Ал эми филармония директору Дүйшөн Молдобаев кызматкерлердин бул аракети мыйзамсыз экенин айтып, Балтагулов той-аштар менен алек болуп, филармониянын ишине көңүл бурбай жаткандыгын эске алып жумуштан алынганын билдирди. Молдобаев да иш таштагандар боюнча министрликке билдирүү жөнөткөн.

Облустук филармонияда 60ка чукул кызматкер эмгектенет. 1994-жылы уюшулган бул маданий мекемени Дүйшөн Молдобаев 2004-жылдан тартып жетектеп келе жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG