Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Атамбаев: Бизнес жүргүзүү үчүн эң мыкты шарт түзүү керек


Бизнес жүргүзүү үчүн эң мыкты шарттарды түзүү керек. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ушу тапта Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйын ачып жатып айтты.

​- Быйыл Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылууда. Сиздер, албетте, биз сунуштаган приоритеттер менен тааныштыңыздар. Бул бизнес жүргүзүү үчүн эң мыкты шарттарды түзүү болуп саналат, - деди президент Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларына.

Жыйын жабык форматта өтүп жатат. Андан кийин кеӊейтилген түрдө уланат.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Бүгүнкү жыйынга бул мамлекеттердин президенттеринен тышкары Молдованын башчысы Игорь Додон катышууда, себеби ал да өз өлкөсүн ЕАЭБге кошууну көздөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG