Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

Атамбаев Орусия менен Казакстандын көмөгүнө ыраазычылык айтты


Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында айыл чарба багытын өнүктүрүүгө кадамдарды жасап жатат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан ЕАЭБдин лидерлеринин жыйынында айтты.

Кыргызстандын башчысы бул жаатта Орусия менен Казакстан ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлдү орнотууда көмөк көрсөтүп жатканын белгилеп, бул үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Атамбаев Кыргызстан быйыл ЕАЭБге төрагалык кылып турган учурда бул уюмга мүчө өлкөлөрдө иштеген мигранттардын пенсиясы боюнча келишимдерди кабыл алууну демилгелеп жатканын айтты. Мигранттарды майда административдик жаза үчүн депортациялоону токтотуу зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары бирдиктүү энергетикалык саясат керек болуп жатканына да токтолду.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Бүгүнкү жыйынга бул мамлекеттердин президенттеринен тышкары Молдованын башчысы Игорь Додон катышууда. Молдовага ЕАЭБдеги байкоочу өлкө макамы берилди. (SDz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG