Канн кинофестивалынин уюштуруучулары эмки айда "Алтын пальма" сыйлыгы үчүн ат салыша турган 18 фильмди жарыялашты. Андан сырткары ар түрдүү категорияларда да ондогон фильм катышмакчы. 70-жолу өткөрүлүп жаткан Франция түштүгүндөгү бул абройлуу кино жарышта 17-28-май күндөрү дүйнөлүк белгилүү чеберлердин эмгектери менен катар жаш режиссерлордун тасмалары көргөзүлөт. Бардыгы болуп 29 өлкөдөн 49 фильм жана 9 дебюттук картина тандалган. Буга чейин расмий программага аял-режиссерлордун тасмалары аз камтылган деген сын айтылып келген эле, быйыл 12 аял режиссердун фильмдери ат салышмакчы.
Facebook шеринеси