Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Орусиядагы элчилик жол кырсыгы тууралуу кабарды териштирүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Ленинград облусунун администрациясы менен бирге Тосненск районундагы жол кырсыгынын чоо-жайын териштирип жатат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, окуя бүгүн эртең менен болгон. Жолдо бараткан микроавтобус жүк ташуучу унаа менен сүзүшө кеткен.

Автобустун ичиндеги 12 адамдын арасында кыргызстандыктар бар экени кабарланууда. Төртөөнүн абалы оор. Кырсыкка кабылгандар арасында балдар жок. (LzT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG