Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Иран президенти экинчи мөөнөт үчүн ат салышат


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын азыркы президенти май айындагы шайлоого талапкер болуп катталды. Кабарларга караганда, 68 жаштагы Хасан Роухани 14-апрелде бардык керектүү кагаздарды тапшырды. Ага атаандаш болуп 19-майда бир катар белгилүү саясатчылар чыкмакчы. Арасында мурдагы президент, эскичил Махмуд Ахмадинежад бар. Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин жакын адамы, динаятчы Эбрахим Раиси да ат салышаарын айтып, жакырчылыкка, коррупцияга каршы күрөшүү убадасын берип келатат.

Бул жолку шайлоо Тегерандын ядролук программасы боюнча келишим үчүн сыноо катары сыпатталууда. 2015-жылы Роуханинин администрациясы жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген келишимде Иран ядролук программасын кыскартса, Ислам жумуриятына каршы киргизилген экономикалык санкциялар алынат деп айтылган. Документ күчүнө киргенден бери Иран мунай сатууну жандантты жана эскирип калган учактарды алмаштыруу боюнча миллиардаган долларлык макулдашууга кол койду. Сынчылар болсо келишимдин пайдасын катардагы ирандыктар дагы деле сезе элек дешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG