14-апрель күнү Жер ортолук деңизинде эки миңдей мигрант куткарылды. Бир кишинин сөөгү табылды. Италиянын жээктеги коопсуздук кызматкерлеринин маалыматына караганда, бейөкмөт уюмдардын жардамы менен Ливиянын деңиз жээктеринде 19 куткаруу операциялары өткөрүлдү. Европа жээктерине бет алган 19 кеме катуу шамалда оодарылып кеткен. Куткарылган мигранттар Италияга жеткирилет. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, жыл башынан бери деңиз аркылуу Европага 32 миң качкын барган. (КЕ)
Жер ортолук деңизинде эки миңден ашуун мигрант куткарылды
