Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:14

Ош: веложүрүшкө миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Ош шаарында мэр Айтмамат Кадырбаевдин катышуусунда велоспорт сүйүүчүлөрдүн жүрүшү өтүп, быйылкы велосезон расмий ачылды. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чарага 1000ден ашуун адам катышты. Сергек жашоого жана спорттун бул түрүнө жаштарды тартуу максатында өткөн веложүрүштүн катышуучулары жалпысынан алты чакырым аралыкты басып өтүштү. Катышуучуларга жана шаар туругундарына ар кандай оюн-зооктор тартууланып, белектер тапшырылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG