Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Президент христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо бул жылы бардык христиан конфессиялары пасха салтанатын бир күндө майрамдай турганы белгилеген.​

- Жакшылык, биримдик, бири-бирин сыйлоо, тынчтык жана түшүнүшүү идеясын өзүнө камтыган майрамдар биздин коомдо өзгөчө орунду ээлейт. Кыргызстан элинде Нооруз, Орозо Айт, Курман Айт, Рождество жана Пасханы бирге белгилөө жакшы салт болуп калды. Бул өнүгүү үчүн өлкөнү бириктирип турган биздин элдин баа жеткис мурасы, - деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Кыргызстанда христиандарынын ыйык Пасха майрамы 16-апрелде белгиленет. Быйыл православдар, католиктер, протестанттар Пасханы бир күндө майрамдашат. Мындай дал келүү 20 жылда алты-жети жолу бир болот.

Кыргызстанда 40тан ашуун православдык чиркөө христиандарга кызмат кылат. Өлкөдө христиан динин туткандар жалпы элдин 16% түзөрү айтылат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG