Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Өзгөндө жер көчкүнүн астында калган жарандын сөөгү табылды

Өзгөн районундагы жер көчкөн аймак, 15-апрель, 2017
Өзгөн районундагы жер көчкөн аймак, 15-апрель, 2017

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, көчкү алдында калган 1961-жылы туулган Сүйүндүк Касымовдун сөөгү бүгүн эртең мененки саат 9:30дарда табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

14-апрель күнү түнкү саат 12лер чамасында Өзгөндөгү Шамал-Терек айылындагы Ындабай участкасында узуну 70 метр, туурасы 50 метр, бийиктиги 6 метр жана көлөмү 21000 м³ түзгөн жер көчкү жүргөн. Көчкү бир үйдү басып калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG