Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:22

Александр Соловьёв “Ачык Орусиянын” төрагалыгына шайланды


"Ачык Орусия" кыймылынын жаңы төрагасы Александр Соловьёв, 16-апрель, 2017

Мамлекеттик Думанын депутаты Дмитрий Гудковдун мурдагы жардамчысы, Александр Соловьёв “Ачык Орусия” коомдук кыймылынын төрагасы болуп шайланды. Жаңы жетекчини шайлоо кечээ, 15-апрелде Таллиндеги жыйын учурунда болду. Ушул эле күнү кыймылдын 11 кишиден турган Кеңеши шайланды. Алардын катарында Мария Баронова менен Владимир Кара-Мурза-кенже бар. Соловьёв жаңы шайлангандан кийин Би-би-сиге интервью берип, бул чоң жоопкерчилик экенин белгилеген. Ошондой эле максаты башка демократиялык кыймылдар менен мамиле түзүп, оппозициялык күчтөрдүн бириге ала турганын көрсөтүү экенин айткан.

Жыйындын катышуучулары Михаил Ходорковскийдин президенттик шайлоодо Алексей Навальныйды жана Москва мэрлигине Дмитрий Гудковду колдоо сунушун кубатташты.

Михаил Ходорковский “Ачык Орусиянын” кечээки жыйынында төрагалыктан кеткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG