Түркиянын Чермик шаарынан 30 чакырым алыста жайгашкан Ябанарды айылындагы мектепте ачылган шайлоо участогунда эки жаатка бөлүнгөн адамдар жаңжалдашып, ок атылган. Бул тууралуу CNN Turk кабарлайт. Соңку маалыматка караганда, эки киши каза болуп, бирөө жараат алган. Окуянын чоо-жайы ачыкталган эмес. Бирок ок атышууга чейин жергиликтүү тургундар бири-бири менен айтыша кетишкени жазылган. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн айылга аскерий күзөт жөнөтүлдү.
Бүгүн Түркияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө. Эгер шайлоочулардын 50% көбү бийлик сунуштаган өзгөртүүлөргө “ооба” деп жооп берсе, парламенттин айрым ыйгарым укуктары президентке өтөт. Референдумга Түркиядагы жана чет өлкөлөрдө жалпысынан 55 млн жаран добуш берүүгө укуктуу. 167 миң шайлоо участогу ачылган, алар Түркия убактысы боюнча 17:00дө жабылат. (КЕ)