Түркия референдумда эмнеге добуш берет?
16-апрелде Түркияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Муну менен түркиялыктар президенттин ыйгарым уккутарын кеңейтип, өлкөнүн башкаруу формасын өзгөртүүгө добуш беришет. Шайлоочулардын көпчүлүгү макулдугун берсе, Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкаруудагы өлкөгө айланат. Президент Режеп Тайып Эрдоган өзү да жарандарды сунушталган реформаны колдоп берүүгө чакырган. Соңку сурамжылоо Эрдоганды колдогондор көп экенин көрсөткөн. Президенттин оппоненттери Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракетин авторитардык режимге карай жасалган кадам деп белгилеп жатышат.