Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:49

АКШ: Түндүк Корея боюнча консенсуска Кытай да кошулат


Түндүк Кореядагы аскердик парад. 15-апрель, 2017-жыл

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Герберт МакМастер Түндүк Кореяга ракета сыноолорун өткөрүүгө жол берилбеши керек деген позицияга Кытай жана Кытай жетекчилиги да кошулат деп билдирди. Анын алдында америкалык армия өкүлдөрү Пхеньяндын 16-апрелдеги ракета сыноосу ийгиликсиз аяктаганын маалымдашкан эле. АКШнын Тынч океандагы күчтөрүнүн командачылыгы билдиргендей, вице-президент Майк Пенс Сеулга коноордун алдында Түндүк Корея ракета учуруп, бирок ал ийгиликсиз болду.

МакМастер "Пхеньян ракета сыноосу менен чагымчыл, дестабилдештирүү, сес көрсөтүү аракеттерин улантууда, президент Дональд Трамп Түндүк Кореяга АКШны же региондогу өнөктөштөрүн кооптуу абалга кептөөгө жол бербейт" деди.

"Бар аракеттерди колдонууга, маселени тынч жол менен чечүүгө аракет көрүүгө убакыт келип жетти", деди МакМастер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG