Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:00

Рим Папасы Франциск мамлекет лидерлерин дүйнөдө болуп жаткан жаңжалдарды токтотууга жана курал-жарак сатууга чек коюу үчүн эрктүү кадамдарга барууга чакырды. Бул тууралуу ал Ватиканда Пасха майрамында жасаган билдирүүсүндө айтты. Франциск “кайра тирилген пастырь (Иса Машаяк) куралдуу жаңжалдарда, террористтик чабуулда, репрессиялык режимдин айынан өз мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгондордун жанында жүрөт. Ал кайсы жерде болбосун өз нанын бөлүшүп, бир туугандары менен жолугууга жардам берет”, - деп айтты.

Ошондой эле Сириядагы жардырууларда жабыркагандарга жардам көрсөткөн гуманитардык миссиянын кызматкерлерине колдоп сөз сүйлөдү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG