Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

Токмокто жоголгон өспүрүм табылды


Токмоктогу кайрымдуулук пансионунан качып кеткен 15 жаштагы өспүрүм табылды. 12 күндөй дайынсыз болгон Марлен Алтынбеков түнкү саат 12лерде атасы тараптан табылганын баланын таенеси Айым Асанбекова "Азаттыкка" билдирди:

- Балам пансионго барбайм, көргүм келбейт ал жакты дейт. Ушул жыл бүткөнгө чейин чыдайын деп чыдай алган жокмун дейт. Акыркы күндө да аны сабашкан экен, мектепке жетпей калыптыр. Эмнеси болсо да аман-эсен табылды.

Буга чейин Мирландын жакындары ал жазып калтырган катты көрсөтүп милиция кайрылган. Катта өспүрүм ур-токмоктон качып кеткенин жазган. Ал тарбияланган Токмоктогу кайрымдуулук пансиону буга баланын үй-бүлөсүндөгү абал себеп дешет. Милиция катта жазылган жагдай териштирилээрин билдирген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG