Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:44

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 17-апрелде билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматынан бошотулду.

Өлкөнүн Кытайдагы элчилиги Бээжинде жайгашып, Монголияны кошо карайт.

Жаңы элчи Азамат Үсөнов 1980-жылы туулган. 2002-жылы Кытай Эл университетинин Укук институтун, 2005-жылы ушул эле окуу жайдын Эл аралык мамилелер институтун аяктаган.

Эмгек жолун Тышкы иштер министрлигинде иштөөдөн баштаган. 2016-жылдын январынан тартып министрдин орун басары кызматын аркалаган. Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG