Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп Эркин Сопоков дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Сопоков буга чейин "Ала-Арча" резиденциясынын директору болчу. Сопоковдун талапкерлигин өткөн жумада парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети жактырган. (NT)