Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Саясатчылар тобу бирдиктүү билдирүү даярдашат


Оппозициянын Бишкектеги жыйыны.
Оппозициянын Бишкектеги жыйыны.

Бишкекте "Мамлекет. Саясат. Жоопкерчилик" аттуу талкууга катышкан саясатчылар тобу жакын арада бирдиктүү билдирүү даярдашат. 17-апрелде "Орион" отелинде өткөн жыйында ушундай чечим кабыл алынды.

Тегерек үстөлдүн башында жети пункттан турган билдирүү болору айтылган. Талкуунун жүрүшүндө ага алымча-кошумчаларды киргизүү сунушталды.

Билдирүүдө президенттик шайлоо алдында мыйзамдуулукту, туруктуулукту сактоо, таза саясий атаандаштык сыяктуу маселелер камтылмакчы.

Талкуу мурдагы өкмөт башчы, президенттикке талапкерлигин койорун билдирип келе жаткан Темир Сариевдин демилгеси менен уюштурулду. Анда саясаттагы учурдагы кырдаал, камоолор, президенттин, парламенттин милдети тууралуу сөз болду. Ага Сариевден тышкары, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова, Асия Сасыкбаева, Аликбек Жекшенкулов баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер, саясат таануучулар катышты. (SE\EBM)

XS
SM
MD
LG