Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:54

"Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деп камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү чыкты.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 17-апрелдеги отурумунда белгилүү болгондой, Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга, Дастан Сарыгуловду төрт жыл камоо, анын үч жылын шарттуу түрдө өтөө өкүмү окулду. Алардын коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров соттун жогорку бутагына доо-арыз берилерин "Азаттык" радиосуна айтты.

Аты аталган саясатчылар 2016-жылдын май айында камалышкан. Кийинчерээк Сарыгуловдун баш коргоо чарасы саламаттыгына байланыштуу өзгөртүлүп, үй камагына чыккан.

Адвокаттар аларды бошотууну, айыптоочу тарап аларды 12-22 жылга эркинен ажыратууну соттон сураган.

Бүгүн камактагылардын бири - Бектур Асановдун тарапкерлери нааразылык акциясын уюштуруп, жөө жүрүшкө чыгышты. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG