Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапарына даярдык көрүлүүдө


Алмазбек Атамбаев 2016-жылдые 24-декабрында Өзбекстанга иш сапары менен барган.
Алмазбек Атамбаев 2016-жылдые 24-декабрында Өзбекстанга иш сапары менен барган.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапарына даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди. Бирок анык датасы азырынча айтыла элек:

- Тышкы иштер министрлиги тарабынан президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга боло турган сапары даярдалууда. Учурда мурда бекитилген графикке ылайык, чек ара маселелери боюнча жумушчу топтун сүйлөшүүлөрү уланууда.

Атамбаев 2016-жылдын 24-декабрында Өзбекстанга иш сапары менен барып, Самаркандда мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев менен жолуккан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын такталган бөлүктөрү келишим менен бекитилерин коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов өткөн жумада билдирди.

Камиловдун бул билдирүүсүн орусиялык "Независимая газета" жазып чыкты. (SE\BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG