Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:11

Европалык байкоочулар Түркиядагы референдумду сындашты


Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ) менен Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) байкоочулар миссиясы Түркиядагы референдумду сынга алышты. 17-апрелдеги биргелешкен билдирүүсүндө алар үгүт өнөктүгү учурунда тең укуктуулук сакталбаганын жана добуш саноо процедурасынын кечиктирилишин мисал келтиришти.

"Үгүт өнөктүгү учурунда сезилерлик теңсиздикти, тактап айтканда, президент баш болгон бир топ мамлекеттик жана жергиликтүү жетекчилер "ооба" дегенди жактап, кызуу үгүт жүргүзгөнүн байкадык. Административдик ресурс колдонулуп, "жок" дегенди жактаган партиялар, жарандык коом өкүлдөрүнө тоскоол болгону да байкалды" деди ЕККУ миссиясынын жетекчиси Тана де Зулуэта.

Ошондой эле референдум өлкөдө өзгөчө кырдаал режими өкүм сүргөн учурда өткөнү, коопсуздук операцияларынан улам үйүн таштай качууга аргасыз болгондор, өзгөчө Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрд эли добуш берүүдө кыйынчылык тартканы белгиленди.

Зулуета жалпысынан Түркиядагы референдум эл аралык стандарттарга төп келбесин белгиледи.

Түрк БШКсы шайлоочулардын 51,3% президенттик башкарууга өтүүнү колдогонун билдирген.

XS
SM
MD
LG