Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Питердеги терактты уюштурууга шектелген дагы бир адам кармалды


Питердеги теракт
Питердеги теракт

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Санкт-Петербургдагы терактты уюштурууга тиешеси бар деп айыпталган тогузунчу кишини кармады.

ТАСС агенттигинин кабарлашынча, 27 жаштагы Аброр Азимов Москва облусунун Одинцов районунда 17-апрелде кармалган.

ФСБ аны теракт жасаган жанкечтини даярдаган деп шектөөдө. ​

"Учурда Азимов тергөө-иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Орусия Федерациясынын Тергөө комитетине жеткирилди" деп кабарлайт ФСБнын коомчулук менен байланыш бөлүмү.

3-апрелде Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан 14 адам өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болушкан. Жардырууну Акбаржон Жалилов аттуу теги кыргызстандык Орусия жараны жасаганы маалымдалган. Буга чейин теракт боюнча дагы сегиз киши кармалган болчу.

Орусиянын атайын кызматы жардырууга шектүүлөрдү издөө уланып жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG