Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Кыргызстанга Ирандын Тышкы иштер министри келет


18-19-апрель күндөрү Иран ислам республикасынын Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Кыргызстанга сапар менен келет. Тышкы иштер министринин маалыматына караганда, эки өлкөнүн алака-катышы, саясий диалогду өнүктүрүү талкууланат, Ирандын башкы дипломатын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алат.

Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев менен Иран президенти Хасан Роухани Бишкекте жолукканда Иранды ГЭС курууга катышууга чакырып, энергетика жаатында иштешүүгө кеңири мүмкүнчүлүк барын белгилеген.

Байкоочулардын пикиринде, эки мамлекет ортосундагы экономикалык кызматташуу чеке жылытпайт. Буга мисал катары соода жүгүртүүнүн көлөмүн айтышат. Былтыр ал 11 миллион долларды гана түзгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG