Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Республика - Ата-Журт” фракциясы өкмөттүн 2016-жылдагы жасаган иштери боюнча отчетун угат.
Бул тууралуу фракциянын катчылыгы кабарлады. “Ата-Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары отчетту жалпы жыйынга чыкканда талкуулай турганын билдиришти.
17-апрелде парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн 2016-жыл үчүн отчетун көпчүлүк добуш менен канааттандырарлык деп тапкан. Жээнбеков 2016-жылы өкмөттүн программасы 90 пайызга аткарылганын, ошол эле учурда былтыр Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4 пайызга төмөндөгөнүн айткан.
Сооронбай Жээнбеков былтыр апрелде премьер-министр болуп шайланган. Аны Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция сунуштаган. Жээнбеков эгемен Кыргызстандын тарыхындагы 28-өкмөт башчы. (КЕ)
Facebook шеринеси