Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:11

Президент Эрдоган эл аралык байкоочуларга жооп кайтарды


Эрдогандын жактоочулары. Стамбул, 16-апрель, 2017-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жекшембиде болуп өткөн референдумдун жыйынтыктары боюнча эл аралык уюмдардын сынын четке какты.

Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ) менен Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) байкоочулар миссиясы 17-апрелде биргелешкен билдирүү жасап, Түркиядагы референдумду сынга алган. Үгүт өнөктүгү учурунда тең укуктуулук сакталбаганын жана добуш саноо процедурасынын кечиктирилишин мисал келтиришкен. Аларга Эрдоган “өз ордуңарды билгиле” деп жооп кайтарды.

Түрк БШКсы шайлоочулардын 51,3% президенттик башкарууга өтүүнү колдогонун билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG