Жалал-Абаддын Сузак районундагы Таран-Базар айылында жер көчүп, 12 үйдүн жашоочусу башка жакка көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 17-апрелде түшкө жуук көлөмү 192 000 куб метр жер көчкөн. Топурак турак-жайларга 300 метр калганда токтогон. Кооптуу жердеги үйлөрдүн ээлери жакындарыныкына көчүштү.
Ушул күндөрү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында суу ташуу, жер көчкү коркунучу күчөгөн. Өзгөн районунда беш үйдү топурак басып калды. Жашоочулар чатырларда күн кечирүүдө. Айрым жолдорго түрдүү көлөмдө топурак түшүп, каттамды токтотту. Нарын шаарынын Ак-Кыя участкасында 17-апрелде кар көчкү жүрдү.
Жер-жерлерде адистер иштеп жатышат. Адам өмүрүнө зыян келген жок. (SE)
P.S.: Көчкү жана башка табият кырсыктары тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун "Азаттык" радиосуна курган маегин бул жерден окуңуз.