Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:18

Өзгөндө чатырда жашап жаткандарга электр жарыгы берилди


Көчкүдөн улам чатырга көчкөн жашоочулар.
Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таандык.
Көчкүдөн улам чатырга көчкөн жашоочулар. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таандык.

Өзгөн районунда үйүн көчкү басып калган жашоочуларга тигилген чатырларга электр жарыгы берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, райондун Кысык-Алма айылында 15-апрелдеги көчкү беш турак-жайды баскан. Дагы бир бүтө элек үйгө 10 метр жетпей калган.

Үйү топурак астында калгандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан беш орундуу алты чатыр тигилген. 17-апрелде Райондук электр тармактар ишканасы электр жеткиришкен.

Көчкүдөн адам өмүрүнө зыян келген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG