Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

"Апамды издеп" тасмасы Москвада көрсөтүлүүдө


Кыргызстандык режиссер Руслан Акундун “Апамды издеп” тасмасы 17-апрелден тарта Орусиянын Москва шаарында көрсөтүлө баштады. Фильмдин менеджерлери билдиришкендей, Москвада тасма 21-апрелге чейин көрүүчүлөрдүн назарына коюлат.

Комедия, социалдык драма жанрындагы бул тасмада жетим бала Азаматтын АКШга апасын издеп барганы, андан кийинки тагдыры сүрөттөлөт. Башкы ролдорду Азамат Уланов, Тауекел Мусилим, Майкл Мапонго, Жеңиш Майрамбек уулу ойногон. Буга чейин Казакстанда көрсөтүлө баштап, "өтүмдүү" тасмалардын катарына киргени маалымдалган.

Руслан Акундун “Апамды издеп” тасмасынан тышкары «Салам, New York» жана "Мен сүйгөн кыздын шаары” фильмдери бар. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG