Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Апсамат Масалиевдин жубайы кайтыш болду


Белгилүү коомдук-саясий ишмер Апсамат Масалиевдин жубайы Хайрыхон Козубаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкекте 18-апрелде өттү. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндөгү маркум Апсамат Масалиевдин мүрзөсүнүн жанына коюлду.

Кесиби тикмечи Хайрыхон Козубаева 17-апрелде 78 жашында көз жумду. Ал өмүрүн күйөөсүнө жана эки уул, эки кызын тарбиялоого арнаган. 

Уулу Исхак Масалиев Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат, Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери. 

"Азаттык Медиа" жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат. (SE)

 

XS
SM
MD
LG