Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Кыргыз жана тажик жаштары достук жөнүндө видеоролик тартып жатышат


Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта жашаган 20 улан-кыз достук жана тынчтыкты даңктаган видеоролик тартып жатышат. Ал социалдык тармактарда жайылтылат.

Youth of Osh жаштар уюму 18-апрелде Баткенде жарандык журналистика боюнча беш күндүк окуу баштады. Ага эки өлкөдөн катышып жаткан кыз-жигиттер аягында тасма даярдашмакчы. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.

Youth of Osh жаштар уюму бул долбоорду өкмөт, ЮНИСЕФ, БУУнун тынчтык орнотуу фонду жана Швейцариянын кызматташтык агенттиги менен бирге ишке ашырууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш кыштактары эң көп чыр катталган аймактардан болуп саналат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG