Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдар президентке кайрылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана жарандык активисттер тобу президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзам долбооруна кол коюуну өтүндү. Кайрылууга 37 бейөкмөт уюмдун аты жазылган.

Демилгечи топтун маалыматына караганда, мыйзам долбоорун активисттер менен Социалдык өнүгүү министрлигинин адистери бирге даярдаган. Быйыл 16-мартта Жогорку Кеңеште колдоо таап, мамлекет башчынын кароосуна 31-мартта жиберилген.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, жогоруда аталган мыйзам менен учурда Алмазбек Атамбаев таанышып жатат. Эрежеге ылайык, президентке жолдонгон мыйзам долбоорлор бир ай ичинде каралып кол коюлат же артка кайтарылат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 1850 учур катталган. Анын экөө адам өлүмү менен коштолгон. Бул убакыт аралыгында 65 кылмыш иши козголуп, калгандары административдик жазага тартылган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG