Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Көк-Арт дарыясында суу ташкындап жатат


Көк-Арт дарыясындагы жээкти жеп жаткан суу.
Көк-Арт дарыясындагы жээкти жеп жаткан суу.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясында суу ташкындап, сол жээкти жей баштады. Дарыянын агымы секундуна 250 метрге жетүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, суу Сел жана суу ташкындардан коргоо мекемесинин бир тосмосун алып кетти. Блоговещенка жана Ынтымак айылындагы турак жайларга кооптуу абал жаралды.

Учурда министрдин орунбасары Равшан Рысбаев жетектеген топ жеринде алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG