Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:12

Францияда 23-апрелде өтө турган президенттик шайлоонун алдында талапкерлер өлкө аймагында соңку үгүт иштерин өткөрүшүүдө.

Сурамжылоолор боюнча алдыда келаткан борборчул талапкер Эммануэл Макрон жана ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен 17-апрелде Парижде массалык жыйындарды уюштурушту.

Солчулдардын талапкери Жан-Люк Меланшон учурда баш калаанын жака белинде жүрсө, консерватор Франсуа Фийон дүйшөмбүдө Ницца шаарында үгүт өнөктүгүн жүргүздү.

Шайлоого саналуу күндөр калганына карабастан добуш берүүчүлөрдүн үчтөн бири кимге добуш берерин билбей, арсар болуп турганын сурамжылоолор көрсөтүүдө. Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи туру 23-апрелде, экинчиси 7-майда өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG