Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Бишкекте "Бейформал Путин" сүрөт көргөзмөсү ачылды


"Бейформал Путин" иш-чарасындагы сүрөттөрдүн бири.
"Бейформал Путин" иш-чарасындагы сүрөттөрдүн бири.

Бишкектеги Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинде бүгүн,18-апрелде "Бейформал Путин" деп аталган сүрөт көргөзмө ачылды.

Аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын 25 жылдыгына арналган. Анда орусиялык "Московский комсомолец" гезитинин кабарчылары Александр Астафьев менен Наталья Губернаторова тарткан сүрөттөр коюлган.

Орусия президенти Владимир Путиндин дүйнөлүк лидерлер менен жолугушуусунда, салтанаттарда, эс алуу маалдарында тартылган сүрөттөр бар.

Буга чейин көргөзмө Орусиянын ондон ашык шаарларында, Греция, Испания, Германия жана Улуу Британияда уюштурулган.

Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык алакасына 20-мартта 25 жыл толду. (NT)

XS
SM
MD
LG