Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:26

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 19-апрелден тарта Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүн оңдоо иштери башталат.

Буга байланыштуу бир катар троллейбус жана маршруттук каттамдардын багыты өзгөрөт. №5 жана №14 троллейбустар Чыңгыз Айтматов проспектиси менен № 1 Калкты тейлөө борборуна чейин барат.

Ал эми №100, 101, 107, 118, 130, 147, 159, 170, 188, 202, 203, 264 маршруттук таксилер Ахунбаев көчөсү аркылуу Садырбаев (мурдагы Бах) көчөсүнө чейин барып, андан кийин кадимки эле багытында жүрөт.

Баш калаада жалпысынан 120 каттам боюнча 2600дөн ашык маршруттук кичи автобус иштейт. Аларга жүргүнчүлөр күндүз 10 сомдон, кечкисин 12 сомдон төлөшөт. Ошондой эле 20дан ашуун багытта автобус жана троллейбус эл ташыйт. Жол киреси 8 сом. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG