Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Тереза Мей мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырды

Британиянын премьер-министри Тереза Мей.
Британиянын премьер-министри Тереза Мей.

Британиянын премьер-министри Тереза Мей 8-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү планын жарыялады.

Мей 18-апрелде министрлер кабинетинин чукул жыйынында өткөн жылдагы Евробиримдиктин бөлүнүүнү жактаган референдумдан кийин Британия туруктуулукка муктаж экенин айтты.

"Биз чукул парламенттик шайлоо өткөрүшүбүз керек",-деген Мей бул чечимди аргасыздан кабыл алганын кошумчалады.

Британиянын премьер-министри саясий партиялардын "оюндарын" айыптап, "алар Брекситтен кийин падышалыктын ийгиликке жетүүсүнө тосколдук жаратып жатышат" деген оюн айтты.

Кийинки парламенттик шайлоо Британияда 2020-жылы өтмөк.

XS
SM
MD
LG