Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Самаркандекте "Достук" фестивалы өттү


Баткен облусунун Самаркандек айыл өкмөтүндө кыргыз-тажик ымаласын чыңдоого багытталган "Достук" фестивалы өттү. Иш-чараны Youth of Osh уюму 18-апрелде Алыкул Осмонов атындагы мектепте уюштурду.

Аталган уюмдун кызматкери Эмил Сагынбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, жергиликтүү тургундар маданий программа даярдап, аны Тажикстандан келген конокторго тартуулашты.

Фестиваль ЮНИСЕФтин колдоосунда "Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн чек ара аймактарынын кызматташуусу" долбоорунун алкагында даярдалды.

Ошондой эле кыргыз-тажик жаштарына жарандык журналистика боюнча беш күндүк окутуулар башталды. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн улан-кыздары достукту даңазалаган видеороликтерди даярдашат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG