Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Балыкчы мэриясы ууланган окуучулар боюнча билдирүү таратты


Балыкчы шаары
Балыкчы шаары

Балыкчы шаардык мэриясынын маалыматына караганда, алдын ала божомолдор боюнча окуучулар өзүн коргоодо колдонулчу газдан (перцовый газ) ууланганын көрсөтүүдө. Жергиликтүү милиция газды ушул эле мектептин окуучусу бейбаштык менен чачкан деген болжолду айткан. Мектептин кузөтчүлөрү окуя болгон учурда имаратта бейтааныш киши болбогонун билдирген.

№3 Канат Абдылдаев атындагы мектептин коридорундагы жаман жыттан 17-апрелде 8-9-10-класстын 14 окуучусу өзүн жаман сезип, көңүлдөрү айланган, "тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.

Мэриянын билдиришинче, алардын экөө ошол эле күнү үйлөрүнө чыгарылган. Ооруканада жаткан он эки окуучунун он бири кыздар. Азыр абалдары туруктуу, кечээ эле үйлөрүнө чыгарылмак, бирок бүгүн да дарыгерлердин көзөмөлүндө болсун деген чечим чыгарылган. Мекеме балдар реанимацияда жатат деген маалыматтарды четке какты.

- Окуучуларды реанимацияга жаткырууга негиз жок. Кээ бирлери башка бөлүмдөрдө орун жок болгондуктан реанимацияга жаткан. Ушул себептен айрым окуучулар травматология жана терапия бөлүмдөрүнө да жайгаштырылган, - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Милиция жана тиешелүү адистер уулануунун чоо-жайын тактап жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG