Түркиянын негизги оппозициялык партиясы расмий түрдө президент Режеп Тайып Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейткен референдумдун жыйынтыктарын жокко чыгарууга чакырганы жатат.
Республикалык-элдик партия тараткан маалыматка ылайык, партиянын төрага орун басары Бюлент Тезкан 18-апрелде Түркиянын Жогорку шайлоо комитетине кайрылат.
Премьер-министр Бинали Йылдырым референдумдун жыйынтыктарын сыйлоого үндөдү.
- Элдин тандоосу бюллетень аркылуу анык болду. Талаш-тартыштарды токтотуу керек. Ар бир адам, өзгөчө оппозиция жыйынтыктарды сыйлаш керек.
Оппозициячыл партиялар референдум жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар, анын ичинде мөөр басылбаган бюллетендер колдонулганын айтышууда.
16-апрелдеги референдумдун жыйынтыктары парламенттик башкаруудагы Түркияны президенттик башкаруудагы өлкөгө айлантат. Ал ошондой эле Эрдогандын бийликте 2029-жылга чейин калуусуна жол ачууда.
Мурдараак АКШнын Мамлекеттик департаменти, шайлоого көз салган европалык байкоочулар жана Түркиянын оппозициялык партиялары добуш берүүдөгү олуттуу мыйзам бузуулар жөнүндө айтышкан. ЕККУ референдум эл аралык стандарттарга шайкеш келбегенин белгилеген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 16-апрелдеги референдумда Түркиянын Конституциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү 51% ашуун добуш берүүчү колдосо, 48% ашууну каршы болгон.