Бул тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев 18-апрелде парламенттин Экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өкмөт учурда узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды чыгарууга көңүл бурууда. Азыр рынокто беш жана жети жылдык баалуу кагаздар алынып жатканы айтылды.
Маалыматка ылайык, быйыл 11 млрд. баалуу кагаз чыгарылат. Анын 4,2 млрд. казналык векселдер, ал эми калганы узак мөөнөттүү. (КЕ)